Напишите пожалуйста на кыргызском языке текст на тему куз мезгили

Напишите пожалуйста на кыргызском языке текст на тему куз мезгили
Гость
Ответ(ы) на вопрос:
Гость
Күз —жаратылыштын ажайып мезгили КҮЗ — жылдын өзүнчө бир кереметтүү маалы эмеспи. Бул маалда мээлүүн алкактуу өлкөлөрдө асман көпкөк болуп, табы кайта түшсө да, күн жаркырап тийип турат, ал эми түнкүсүн аба салкын. Дөбө бетин бербей өскөн токойлор күн өткөн сайын боёк дегендин түркүн түрүнө: мала сарыдан, чымкый сарыга, кызгылтымдан кара кочкулга өтүп боёло берет. Күзүндө жайы-кышы жашыл ийне жалбырактуу карагайлар кызыл-тазыл кийип «жасанган» «курбуларынын», күбүлмө жалбырактуу бак-дарактардын, көркүнө көрк кошуп гана далдаада калат. Күздү Корея, Япония сыяктуу чыгыш өлкөлөрүнүн тургундары өзгөчө жакшы көрүшөт. Ал кезде япониялыктар «күзгү боёкко мергенчилик кыла» башташат. Алар жаратылышка чыгып, табияттын сулуулугуна суктанып, сейилдеп келишкенин ошентип атап коюшат. Дал ошо күз мезгилинде Кореядагы улуттук сейил бактарынын көбү бөтөнчө кооздукка бөлөнөт. Гезиттерде күз боёкторуна суктануунун эң ылайыктуу маалы башталганы маалымдалып турат. Айрыкча, Кореянын белгилүү бактарынын бири Сораксанга эл көп келет. Анын кызыл карагайлуу гранит зоокалары жана башка тоо тектери Чыгыш жаратылышына өзгөчө көрк берип турат. Күзүндө бук менен зараң бактары Сораксандын зоолорунун ажарын ачат. Таң жаңыдан сөгүлө баштаганда, одур-бодур аска-тоолордун бугуп жаткан туман дайрасынан баш көтөрүп, улам даана тартыла бериши бу жакка эринбей эрте туруп келгендер үчүн эстен кеткис көрүнүш. «Мага тоого чыккан жагат, айрыкча күзүндө,— дейт кореялык 70теги куунак Парк И Кьюн.— Күзүндө Кудай бу дөбөлөрдү түркүн түрлүү боёк менен атайылап кооздоп койгондой. Боёктор күндөн-күнгө алмашылып, күздүн көгүлтүр асманы менен куп келишип калат». Ал эми аялы Кон Юнду күзгү жалбырактардын алтын көпөлөктөр сымал, каалгый учуп келип, жерге конушу суктандырат.
Не нашли ответ?
Ответить на вопрос
Похожие вопросы