Guş haggında melumat yazın:помогите пожалуйста

Guş haggında melumat yazın:помогите пожалуйста
Гость
Ответ(ы) на вопрос:
Гость
Алган илимий булактардагы маалыматтарга таянсак, аталган жанрдын тарыхы, чындыгында эле ушундай экен. Эссени адегенде ишке орношуу кезинде жазылуучу маалымат алуучу иш кагазы катары карашса көрүнөт, же азыркыча алганда чакан же кеӊири формада жазылган резюме сыяктуу да кабылданса керек. Ошондо  ишке жаӊыдан орношуп жаткан   адам өзүнүн адистик билими, кесиптик жөндөмү, алдыдагы планы, ишти жүргүзүүдөгү  ыкмалары, жетишер ийгиликтери тууралуу платформасы  катары жазышкан десе да болчудай экен.Чындыгында, эссе жанры – чыгармачылыктын бардык  эле жанры сыяктуу адамдын ички толгонуусун чагылдырган, эркин жазылуучу чыгарманын бир түрү.  Анткени ар бир адамдын айта   турган ою бар, айта албай жүргөн толгонуулары бар, бирөө менен тажрыйбасын, ички сезимдерин  бөлүшкүсү келет.  Ал ой кээде кыска, кээде чоӊ көлөмгө  «батуусу»  ыктымал. Аны ар бир адам баяндап береби, сүрөттөп жазабы, ой толгоо түрүндө жазабы, сюжет түзөбү же түзбөйбү, демек, баары адамдын чыгармачыл эркин тандоосу аркылуу ишке ашмакчы. Ушуга жараша алганда,  эссе адамдын айтайын деген оюн, ички толгонуусун, турмушка болгон көз карашын эркин чагылдыруунун бир формасы катары көрүнөт. Ошон үчүн эссе деген эмне дегенде, ага түрдүүчө баа беришет, түрдүүчө мүнөздөшөт  жана ага түрдүүчө баа берилип келет.Мисалы: биринчиден,  айрым учурда эссени «жүрөктүн музыкасы» деп да коюшат, ошого жараша аны «ойдун музыкасы» деп да мүнөздөп жүргөндөр бар. Экинчиден, эссеге публицистикалык ой жүгүртүү сыяктуу учурдун маанилүү коомдук проблемаларын чагылдыруу да мүнөздүү. Анда коомдун курч проблемаларын ортого коюу менен, аны чечүүнүн жолдорун сунушташат, өзү жашаган учур менен бетме-бет келишип, ой талашат. Ошондуктан, кээде эссени  «дүйнө менен талашып-тартышуунун куралы» деп да коюшат. Андай учурда эссенин мазмунунда  учурдун абалы, анын картинасы сөз  менен тартылып, жазуучунун ага болгон жеке мамилеси айтылат да, ал мамилеси улуу адамдардын накыл кептери менен бекемделип, алар жашаган мезгил  менен өзү жашаган мезгилди тематикалык жана проблемалык жалпылыктар менен байланыштырышат. Ойлорунун аныктыгын далилдешет.
Не нашли ответ?
Ответить на вопрос
Похожие вопросы